• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ала-Тоо” ресторанындагы массалык уулануунун себеби аныкталды

Коом 0

Бишкек, 05.04.18. /Кабар/. Калаадагы “Ала-Тоо” ресторанындагы 249 адам массалык түрдө тайча даярдалган тоок этинен ууланышкан.

Мамманэпидемкөзөмөл борборунун лабораториялык текшерүүсүнөн кийин маалымдалгандай, тооктун этинен сальмонеллеза бактериясы табылган.

Маалыматта айтылгандай, текшерүү ишинин жүрүшүндө бүгүн, 5-апрелде “Ала-Тоо” ресторанынын ашканасын дезинфекциялоо жүрөт.

5-апрелге карата Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 94 адам, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы ооруканаларда 36 адам дарыланып жатышат.

Бардыгы болуп 249 адам ууланган: Бишкекте – 204, республика аймактарында 45.

Уулануу фактысы боюнча милиция тарабынан иликтөө иштери уланууда.

Эске сала кетсек, 30-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы тойдон соң коноктор жана алардын туугандары тамак-аштан массалык түрдө ууланышкан. Бишкек шаардык Мамсанэпидемкөзөмөл Борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтуусунда, бардыгы болуп тойго 192 адам катышкан. Жабыркагандардын биринчи агымы 31-мартта саат 19:30дан соң ооруканага кайрыла башташкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Андан тышкары, имараттын жетекчисине 20 миң сом, ал эми ашпозчуга – 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ресторандын иши убактылуу токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий