• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүн-1 ГЭСинин биринчи агрегатын капиталдык оңдоо иштери аяктады

Коом 0

Бишкек, 26.06.23./Кабар/. Аламүдүн-1 ГЭСин биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Бул тууралуу "Чакан ГЭС" ААКсы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Чакан ГЭС" ААК күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында утурумдук жана капиталдык ондоо иштерин улантууда. Оңдоо иштери жай мезгилинде суугат иштерине байланыштуу суунун көлөмү аз болгон учурда жүргүзүлөт.

Бул да болсо суунун куру кетишин азайтып, планга толук чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Жума ичинде "Чакан ГЭС" Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясында биринчи гидроагрегатына жүргүзүлгөн капиталдык оңдоо иштери соңуна чыкты. Капиталдык оңдоо иштеринин аткарууга "Чакан ГЭС" ААКтын турбиналык участогу, электротехникалык участогу, релелик коргоо жана автоматика кызматынын адситери жана четтен адистештирилген компания тартылды.

Энергетиктер жабдууларды толук чачып, эскилиги жеткен тетиктерди алмаштырышты. Мындай оңдоо иштерин алып барууну негизги максаты – бул гидроагрегаттын бардык механизмдеринин абалын текшерүү, тетиктердеги дефекттерди жокко чыгаруу, жабдууларды калыбына келтирүү болуп саналат. Оңдоо иштери көп жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.

Белгиленгендей, аталган ГЭСтин экинчи гидроагрегаты да июль айында капиталдык оңдоого чыгарылат.

Маалымат үчүн: Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясы- сегиз станциядан турган Аламүдүн ГЭС кыркаларынын экинчи тепкичи болуп саналат. Ал 1945-жылы ишке берилген, анын жалпы кубаттуулугу 2,2 МВтты түзөт, башкача айтканда, ар бир гидроагрегаттын кубатуулугу 1,1 МВт.

Пикир

Оставить комментарий