• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда психикалык жактан жабыркаган Баяна изделүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон Баяна Малаева изделүүдө.

Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 24 жаштагы Баяна Малаева 24-ноябрда Арашан айылынын Сатыбеков көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155 см, дене түзүлүшү: толук, чачы кара, көзү күрөң түстө.

Маалыматта Малаева психикалык жактан жабыркаганы айтылат.

"Кимде-ким Баяна Малаеванын кайда экендигин же издөөгө көмөк көрсөтө турган маалыматтарга ээ болгон жарандарды 0(312) 36-35-27, 0(312) 36-35-23, 0(504) 77-22-77, 0(550) 34-33-63, 0778 00-09-99 номерлерине кайрылууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий