• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунун Бугучу айылында мектептин курулушу 80%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунун Бугучу айылындагы мектептин курулуш иштери 80%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан бүткүл комплекстин суу менен жылытуу боюнча сантехникалык жумуштары аткарылды. Имараттын фасаддык бөлүктөрүнүн тышкы фондун сырдоо боюнча иштер аяктоодо. Ички жасалгаларды жана брусчатка жана бордюрларды жыюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилесек, объекттин долбоордук кубаттуулугу 150 окуучулук орундуу, имаратты курууга Сауд өнүктүрүү фондунун кредиттик каражаттарынын эсебинен 690,063 АКШ доллары каралган. Ал эми мектептин курулушун 2021-жылы аяктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий