• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районунда жаңы комплекс курулат

Өкмөт 0

Бишкек, 12.11.22. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылында “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин каржылоосу менен жаңы комплекс курулат. Аталган комплекс өзүнө мектеп, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын, дүкөн, мечит жана имам үйүн камтыйт.

Кечээ, 11-ноябрда президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин жана “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин директору Мади Махамед Абделлатиф Ахмеддин катышуусунда комплекстин курамына кирген 240 орундуу мектептин пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү.

Комплекстин долбоорунун жалпы суммасы болжол менен 53 млн 500 миң сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий