• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы Германиянын ишкерлерин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Экономика жана климатты коргоо боюнча федералдык министрлигинин Статс-катчысы Удо Филипп башында турган Германиянын экономикалык делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык мамилелердин алкагында кыргыз-герман кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканы айтылды. Анда 2022-жылы эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу кыргыз-герман ишкер кеңеши түзүлгөнү, менеджментти даярдоо программасынын алкагында Кыргызстандын 350дөн ашуун ишкерлери Германиянын ишканаларында окутулганы, Германиянын Ханнс Зайдель фонду Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кадрларды даярдоодогу кошкон салымы сыяктуу бир катар аткарылган иштер белгиленип соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-техникалык тармактарда кеңири кызматташуу маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу тармагында потенциалы жогору экендигин белгиледи.

“Биз германиялык тарапты материалдык гана эмес, экологиялык дивиденддерди алып келе турган гидроэлектростанцияларды жана күн электр станцияларын курууга катышуусун кароону сунуштайбыз. Учурда Кыргызстанда чакан ГЭСтер активдүү курулууда. Бул үчүн германиялык компанияларды Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүүгө активдүү катышууга чакырабыз”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле айыл чарба тармагында кызматташууну жогорулатууга кызыкдар экенин кошумчалады. Муну менен ал Кыргыз Республикасы 6200гө жакын товардык позицияны Европага нөлдүк тарифтик ставкалар менен экспорттоого укук берген преференциялардын жалпыланган системасы (ПЖС+) макамына ээ экенин кошумчалады.

Өз кезегинде герман ишкерлери тоо туризми, энергетика, курулуш, логистика тармактарында инвестиция салууга кызыкдар экенин жана мамлекеттик кепилдиктер боюнча токтолушту. Бул багытта Акылбек Жапаров инвесторлор үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында республиканын инвестициялык климатын жакшыртуу үчүн Кыргызстанда мыйзамдык базаны өркүндөтүү боюнча тынымсыз процесс жүрүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий