• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Облустар ортосундагы автобустардын кыймылын токтотуу пландалууда

Өкмөт 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Облустар ортосундагы автобустардын кыймылын токтотуу пландалууда. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндөгү брифингде билдирди.

Анын айтымында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калк мындай чечимди түшүнүү менен кабыл алышы керек.

“Биз штабга облустар ортосундагы автобус кыймылын убактылуу токтотуу сунушун киргизүүнү пландап жатабыз, акыркы чечим штабда болот”, - дейт ал.

Ошондой эле премьер-министр жарандарды жүйөлүү себепсиз борборго келбөөгө жана санитардык эрежелерди сактоого үндөдү.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктурган 450 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ди түзөт. Алардын ичинен 2916 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий