• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эл аралык йога күнү белгиленди. Сүрөттөр

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Ош шаарындагы “Алай ”футбол академиясынын машыгуу талаасында эл аралык йога күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, маданият ишмерлери, йога мышыктыруучулары жана активдүү шаар тургундары катышты.

Нурбек Кадыров өз сөзүндө, йога руханий жана тулку денени чыңдоочу механизм жана байыркы философиялык багыт болуп саналганын, коомчулукка пайдасын тийгизет деген оюн билдирип, учурда бул спортко кызыккандардын саны жылдан жылга өсүп баратканын белгилеп, шаар тургундарын саамалык менен куттуктады.

Йога көнүгүүлөрүнө жалпысынан 300гө жакын адам катышты. Иш-чаранын максаты — кыргыз коомчулугун дени сак жашоого үндөө.

Белгилей кетсек, йога күнү Ош шаарында тогузунчу ирет белгиленип жатат. Эл аралык йога күнүн Бириккен улуттар уюму 170 өлкөнүн колдоосу менен 2014-жылы кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий