• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлмөсүндө адамдын сөөгү табылды – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5 көлмөсүндө адамдын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Дачное айылындагы ГЭС-5 көлмөсүндө кечээ, 2-ноябрь күнү саат 19:10до болжол менен 40-45 жаштагы эркек адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат "102" кызматына келип түшкөн.

Жерине куткаруучулар тартылып, каза болгон жарандын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий