• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аламүдүн районундагы суу сактагычта мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Кечээ, 26-ноябрда Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча суу куйма” суу сактагычында мыйзамсыз балык уулагандарга каршы атайын рейд уюштурулду. Бул тууралуу Айыл-чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган министрликтин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө Бишкек шаарынын 2 тургуну колго түшкөн. Алар суу сактагычта тиешелүү уруксат кагаздары жок, балык уулоочу синтетикалык торлор менен балык кармап жүрүшкөн.

"Кармалгандардын автоунаасынан 129 даана карась, 15 даана сазан, 44 даана судак, 193 даана лещ жана бир даана карп балыгы алынды. Андан сырткары балык кармоо үчүн колдонуп жүрүшкөн 1 км узундуктагы синтетикалык тору алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча тиешелүү акт жана протокол түзүлүп, кылмыш ишин козгоо үчүн Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Кармалган жарандарга карата 176 миң 852 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий