• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши: Ал курулуш болбогондуктан, тендер өткөрүлүшү керек болчу

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Мамлекеттик айыптоочунун айтуусунда, аталган жагдайда ЖЭБдин курулушу жүзөгө ашпай, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоору ишке ашып жана ЖЭБдин 1/3 бөлүгү реконструкцияланган.

"Кубаттуулугу 30 мегаваттан ашкан курулуш тендер өткөрбөстөн туруп жүзөгө ашышы керек деген мыйзамдын ченемдери "Бишкек шаарынын ЖЭБин модерназациялоо" долбооруна карата колдонулбайт. Анткени, ТВЕА компаниясы долбоорду инфраструктурасы бар, иштеп жаткан ЖЭБдин аймагында ишке ашырып, 1/3 бөлүгүн гана модернизациялаган. Бул жерде ЖЭБди реабилитациялоо жана реканструкциялоо жөнүндө кеп болуп жатат. Ал курулуш болбогондуктан, подрядчикти тандоо боюнча тендер өткөрүлүшү керек болчу. Башкача айтканда, мындай жагдай түзүлдү: эгерде ЖЭБде реконструкция же реабилитация иштери жүргүзүлгөн болсо, анда КРнын "Электроэнергия" тууралуу мыйзамына туура келбей калат. Эгерде ЖЭБде курулуш долбоору ишке ашырылса, сөзсүз шарт экендигине карабай бул долбоор Улуттук энергетикалык программада жана өкмөттүн өзүнчө токтомунда жок", - деп билдирди ал.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий