• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Чүй облусунда мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.11.23. /Кабар/. Чүй облусунун аймагынан мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам кызматкерлер азиат түспөлүндөгү 35-40 жаштардагы адам көп убакыттан бери гашиш баңгизатын ири өлчөмдө сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат алышкан.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Токтогул районунан баңгизат ташып келе жаткан курьерди аныкташкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүүдө Бишкек шаарынанТоктогул районунун тургуну 1980-жылы туулган Э.А. кармалган.

Өздүк кароо учурунда кармалган жарандын күрмөсүнүн сол чөнтөгүнөн баштык табылып, анын ичинен 14 даана ширеңкенин кутучасындай болгон кочкул-жашыл түстөгү гашиш баңгизаты чыккан.

Бул фактынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу уурдоо жана тоноо фактылары боюнча соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеясын карманат жана кылмыштуу чөйрөдөгү "Чөнтөкчүлөр" деп аталгандардын арасында статуска ээ.

Жогоруда табылган баңгизат жаза аткаруу кызматынын мекемелеринде жазаларын өтөп жаткандарга арналганын белгилеп кетүү керек.

Биринчи май райондук тергөө соту тарабынан шектүүгө карата жазаларды аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы №21 мекемесине эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

Пикир

Оставить комментарий