• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин кызматкери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрында КР УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы КР ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөргөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жатканда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкери А.Б. кармалды.

Кармалган адам жакын тууганына карата кылмыш ишин токтотуу үчүн арыз ээсинен 1 миң АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалган адам Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий