• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Алдамчылыкка шектелип 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, ушул жылдын 12 -апрелинде Октябрь райондук милициясына И.Э. аттуу жаран кайрылып, 12-апрель күнү Орто-Сай базарынын аймагында белгисиз бирөө анын ишеничине кирип, курулуш материалдарын жеткирип берем деп 11 миң сом акчасын алып, жашырынып кеткенин айткан.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 204-берене ("Алдамчылык") боюнча каттоого алынган.

Кийинчерээк бул ишке шектүү катары мурда ушундай эле иштер боюнча бир нече жолу соттолгон 23 жаштагы С.Р. аттуу бала кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан кийин Октябрь райондук сотунун чечими менен С.Р. №1 тергөө абагына камакка алынган.

"Шектелүүчүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө анын ушундай эле эки ишке катыштыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Милиция, аталган шектелүүчүдөн жабыр тарткандар же кайдайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(559) 102-106, 0(707) 230-284 номерлерине кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий