• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Ихсандын» жетекчиси сентябрга чейин камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек 14.07.22. /Кабар/. «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрына чейин тергөө абагына камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Белгиленгендей, Б.А.Т., кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган.

Эске сала кетсек, «Ихсан» кооперативине жана негиздөөчүлөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу») менен кылмыш иши козголгон.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, «Ихсан» жарандарга 121 млн 313 миң 950 сомдук зыян келтирген.

Пикир

Оставить комментарий