• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Эртеңден тарта милиция кызматкерлери рейдге чыгат. Укук бузгандар фото-видеого тартылат

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Эртеңден тарта өлкө боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан атайын “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Рейд майрам күн учурунда өлкөнүн аймагында коомдук тартипти сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, ошондой эле жол кырсыктарын болтурбоо максатында өткөрүлөт.

“Мас абалында унаа башкарган айдоочуларга, автоээнбаштык кылгандарга, ылдамдыкты ашырып айдагандарга өзгөчө көңүл бурулуп, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн бардык аракеттер көрүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Рейддик иш-чара 22-февралдан 27-февралга чейин улантылып, бардык аныкталган укук бузуулар массалык маалымат каражаттарынын коштоосу менен фото-видеого тартылып чагылдырылат.

Пикир

Оставить комментарий