• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Стимул болот”. Президент Түркияда өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо керектигин билдирди

Коом 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаадар министри Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Президент бул башкаларга да стимул болорун, алар мындан да мыкты иштеп, өз кесибинде өсүүгө умтула турганын ӨКМ башчысын кабыл алган учурда билдирди.

Белгилей кетсек, Бообек Ажикеев мамлекет башчыга Кыргызстандын ӨКМ куткаруучулары тарабынан Түркияда жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштери тууралуу маалымат берди.

Жолугушууда Садыр Жапаров куткаруучуларга Түркиядагы ири кыйроолорго алып келген жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын иш-аракеттерин “профессионалдуу, жакшы уюшкан жана натыйжалуу” деп атады.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасын аткаруу максатында ири кыйроолорго алып келген жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн 120 адамдан турган атайын топ дароо Түркияга жөнөтүлгөн. Ага куткаруучулар, медиктер, кинологдор жана психологдор кирген.

ӨКМ тарыхында биринчи жолу кыргызстандык куткаруучулар өлкөдөн сырткары куткаруу миссиясы менен чыгышты. Акыркы эки жылда куткаруучуларды даярдоону жана кинологиялык кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандан барган куткаруучулардын командасы чоң иш аткарган - өз өмүрүн тобокелге салып, куткаруучулар урандылардын астынан 8 адамды, анын ичинде жаш балдарды сактап калууга, 198 адамдын сөөгүн алып чыгууга жетишти.

Пикир

Оставить комментарий