• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда өзгөчө кырдаал режими алынды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 22-февралда Нарын облусунун аймагында аба ырайы турукташкандыгына жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 286-306- чакырымдарындагы унаа жолго кооптуулук жараткан кар көчкүлөрү өз алдынча жана мажбурлоо жолу менен түшкөндүгүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими алынды.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Бишкек - Нарын - Торугарт жол каттамы ачылды.

"Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Талант Үсөналиевдин билдирүүсү боюнча аталган жол каттамынын 301-306-чакырымында (Кара-Үңкүр капчыгайынын ичи) майда көчкү түшүү кооптуулугу дагы деле бар. Ошондуктан айдоочулардан 500 метр аралыкты жана жол коопсуздук эрежелерин туура сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 17-февралында Жарандык коргонуу комиссиясынын протоколу жана Жарандык коргонуу башчысынын буйругу менен Нарын облусунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий