• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. 2021-жылы 16-февралда КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын 2 жаранын кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арачылар кызмат өтөө учурунда Чу дарыясы аркылуу Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүгө багыт алган 2 жаранды кармап, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө бөгөт коюшкан.

Суракка алуунун жүрүшүндө мыйзам бузгандар КР жарандары 1984-жылы туулган Ю.С. жана 1981-жылы туулган В.М. экени белгилүү болгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар андан ары чара көрүү үчүн тиешелүү органга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий