• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте бир жумада 32 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 15нен 21-июлга чейин Бишкектин аймагында 4 миң 441 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен:

- Мас абалында авто унаа башкаруу - 32 айдоочу;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 2;

- Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 26;

- Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр - 665;

- Коопсуздук куру жок унаа башкаруу - 865;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 2 миң 324.

“527 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий