• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алдыдагы Евразиялык экономикалык форумдан эмнени күтүүгө болот?

Аналитика 0

Ушул жумада Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт. Иш-чарага бардык аймактардан катышуучулар чогулуп, тараптар учурдагы көйгөйлөрдү жана кырдаалдан чыгуунун жолдорун талкуулашат. Учурда жагдай чынында эле олуттуу болуп турат. Өлкөлөр коронавирустун кесепеттеринен эми чыга баштаганда Украинадагы абалдан улам пайда болгон санкцияларга дуушар болду. Россияга карата киргизилгин санкциялар эртеби-кечпи коңшу өлкөлөргө, анын ичинде ЕАЭБдин катышуучуларына дагы өзүнүн таасирин тийгизет.

Иш-чара көптөгөн маселелерди, анын ичинде экономика, логистика, санариптештирүү менен байланышкан темаларды камтыйт. Жалпысынан 6 панелдик талкуу болуп, анын жүрүшүндө 20 сессия өткөрүлөт. Кошумчалай кетсек, иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары онлайн форматта катышат.

Форум маанилүү, анткени бардык процесстердин катышуучулары топтолуп калган көйгөйлөрдү, пикир келишпестиктерди талкуулап, аларды чечүү жолдорун таба алышат. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында форумдун маанисине токтолду.

"Кыргыз экономикасы коронавирустук пандемиядан калыбына келбей жатып, ал азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка, макроэкономикалык туруктуулукка жана социалдык туруктуулукка күчтүү санкциялык соккуну алды”, - деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы мындай шарттарда Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында санкциялардын кесепеттерин жана социалдык-экономикалык абалдын начарлашын алдын алуу боюнча бирдиктүү чараларды талкуулоо жана иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө Евразия мейкиндигин өнүктүрүүнүн негизги багыттары козголот. Жалпы 6 талкуу зонасы болот:

- глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги;

- финансылык рыноктор жана өнүктүрүү институттары (өнүктүрүү банктары): макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана экономикасынын өсүү чекиттери;

- өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычтары жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо катары;

- экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура;

- ЕАЭБдин санариптик күн тартиби;

- ЕАЭБдеги өз ара аракеттешүүнүн жаңы багыттары.

Муну менен катар форумдун алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү өтөт.

“Аталган форумдун алкагында ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн агроөнөр жайынын мыкты товарларынын, анын ичинде продукциянын сапатына карата улуттук сынактардын жыйынтыгы боюнча аныкталган товарлардын көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү пландаштырылууда. Агроөнөр жай көргөзмөсүн өткөрүүдө форумдун аянтчасын жетишкендиктерди көрсөтүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөргө маалыматтык колдоо көрсөтүү үчүн пайдаланууга, ЕАЭБдин товарларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча түрткү берүүгө, ошондой эле өз ара сооданы өнүктүрүүгө жана товарларды экспорттоого көмөктөшүүгө мүмкүндүк берет”, - деп айтылат маалыматта.

Акыркы жылдардагы тажрыйба көрсөткөндөй, өнөктөштөр менен көйгөйлөрдү чечүү оңой, муну коронавирустук пандемия эң сонун көрсөттү. Кыргызстан үчүн өнөктөштүктү бекемдөө маанилүү милдет, анткени ал учурдагы көйгөйлөрдүн чечимдерин табууга гана жардам бербестен, бизнес үчүн өнүгүүнүн, рыноктордун жаңы горизонтторун ачат. Жалпысынан алганда, ар бир өлкөнүн жана жалпы аймактын экономикасын өнүктүрүү алдыдагы форумдун негизги күн тартиби болуп саналат.

“Кыргызстандын борборунда өтө турган Евразиялык экономикалык форумдун “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” деген темасы кокусунан тандалбаса керек. Өзгөрүүлөр жана глобалдык толкундоо доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү пайдубал түзөт. Ал эми Евразиялык экономикалык форум муну дагы бир жолу көрсөтүшү керек”, - дешет уюштуруучулар.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий