• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алдыдагы күз-кыш мезгилине карата 2,7 млн тонна көмүр даярдоо керек – энергетика министри

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. 2023-2024-жылдагы күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн республика боюнча жалпысынан 2 746,394 миң тонна көмүр даярдоо зарыл. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитетте энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде бюджеттик мекемелер тарабынан - 298,898 миң тонна көмүр, калк үчүн - 1 247,496 миң тонна көмүр, Бишкек шаарынын ЖЭБине - 1 200,0 миң тонна көмүр.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин маалыматы боюнча көмүр кендерин геологиялык издөөгө, чалгындоого жана казып алууга жалпысынан 411 лицензия берилген, анын ичинде геологиялык издөөгө 5 лицензия, геологиялык чалгындоого 145 лицензия, казып алууга 261 лицензия.

Пикир

Оставить комментарий