• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрага Шакиев баштаган депутаттар Россияга учуп кетти

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.12.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация 4-декабрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жыйындарына катышуу үчүн Россиянын Москва шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында айтылат.

Сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Ассамблеянын кеңешинин биргелешкен жыйынына жана 15-пленардык отурумуна катышат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Эльмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов жана Бактыбек Сыдыков бар.

Пикир

Оставить комментарий