• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Александр Лукашенко кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Менин эң чын жүрөктөн жана жылуу Жаңы жылдык куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Эки тараптуу мамилелерди бири-бирине зарыл жардам жана колдоо көрсөтүү духунда түзүү, динамикалуу жана жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем негиз түзөт.

Келе жаткан 2022-жылы биз мамлекеттерибиздин жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн белорус-кыргыз байланыштарын биргелешип бекемдейбиз деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана ой максаттарынын ишке ашуусун, ал эми Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий