• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Акыркы суткада 5 миң 924 адам эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 5 миң 924 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 819 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 105 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 229 миң 938 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 1 млн 14 миң 666 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий