• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы жыл бакубаттуулук алып келсин. Түркмөнстандын президенти Жапаровду жана кыргызстандыктарды куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 31.12.21. /Кабар/. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстандын элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Сизди кирип келген 2022-жылыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, кубаныч жана бардык башталыштарда ийгилик, ал эми Сиздин өлкөңүздүн элине — тынчтык, мындан аркы прогресс жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм. Жаңы жыл бардыгыбызга бакыт жана бакубаттуулук алып келсин», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий