• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ташкентте КМШ өлкөлөрү миграция маселесин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев баштаган КР делегациясы 28-29-сентябрда Ташкент шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн миграция органдарынын жыйынына катышты.

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Азербайжан, Армения, Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын миграция кызматтарынын жетекчилери катышты.

Нурдөөлөт Базарбаев өз сөзүндө миграция жаатында талкууланып жаткан маселелердин маанилүүлүгүн белгилеп, КМШга мүчө-мамлекеттерди аларды чечүүнүн жолдорун издөөгө активдүү катышууга чакырды.

Ошондой эле КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов катышты.

Отурумдун күн тартибинде миграциялык абал, миграция чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарга өзгөртүүлөр, мамлекеттер аралык деңгээлдеги өз ара аракеттенүү маселелери, КМШга мүчө-мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүсү жана расмий иш-аракеттери боюнча миграциялык органдардын жетекчилеринин баяндамалары каралды.

Жыйындын жыйынтыгында КМШга мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрү 2024-жылга иш планын бекитип, миграция маселелери боюнча тиешелүү чечимдерге кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий