• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бейшеналиев Жалал-Абадда ооруканалардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облусундагы саламаттык сактоо уюмдарын кыдырып, алардын иши менен жеринде таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, министр Аксы, Кочкор-Ата, Таш-Көмүр, Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда болуп, медицина кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берүүгө пландалып жаткан облустук бириккен оорукананын имаратынын, кургак учукка каршы оорукананын имаратынын, Сузактагы төрөт үйүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Аксыдагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда министр санариптик чечимдердин ишке ашырылышы менен таанышып, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан санариптик системаларды тезинен ишке киргизүүнү баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, ал Базар-Коргон Жалпы дарыгерлик практика борборунда неврологиялык бөлүмдүн иши менен таанышты. Бул бөлүмдүн имараты кургак учукка каршы кызматты реформалоонун алкагында 2021-жылы бошотулган.

Ошондой эле Бейшеналиев облустагы саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министрге облустагы саламаттык сактоо мекемелеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, дары-дармек менен камсыздоо жана башка маалыматтар берилди.

Отурумдун жыйынтыгында министр жетекчилерге жылытуу мезгилине даярдык көрүү, кызамык оорусунун жайылышы боюнча кырдаал, КРВИ жана сасык тумоо сезонуна даяр болуу, санариптик чечимдерди ишке ашыруу, курулуш иштерин көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошону менен бирге Жалал-Абад облусунун калкынын ден соолугун чыңдоо боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө жана жалпы максаттарга жетишүүдө биргелешкен күч-аракеттин маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий