• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Өмүралиевдин дипмиссиясы аяктады

Саясат 0

Бишкек, 29.03.19 /Кабар/. Күн мурун Беларусиянын борборунда Кыргызстандын элчисинин дипломатиялык миссиясынын аяктагандыгына байланыштуу атайын кабыл алуу болгон.

Кыргызстандын элчиси Беларуиядан кетип жатат. Республикада дээрлик 3 жылдан ашык иштеди, - деп билдирет «МИР 24» каналы.

Беларустун Тышкы иштер министри Владимир Макей билдиргендей, Өмүралиевдин элчи кызматын аткарган убактары эки өлкөнүн кызматташтыгы баардык жаатта маданий чөйрөсүнөн баштап, товар жүгүртүүгө чейин жакшырган. Эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көп жылдардан бери туруктуу 130 млн. доллар көлөмүндө сакталып келүүдө.

Макей Өмүралиевге жасаган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

“Бүгүн биз келечек тууралуу сөз кылдык. Биз ушул үч жарым жылдын ичинде саясат, соода-экономика, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө көп нерсеге жетиштик. Бул жерде жеке Кыргызстандын элчисинин эмгеги зор деп эсептейм”, - дейт Макей.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Өмүралиев үстүбүздөгү жылдын 12-мартында Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий