• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматы облусунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыздын сөөгү табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.05.19 /Кабар/. Казакстандын Алматы облусунда дайынсыз жоголгон 18 жаштагы Айгүл Амангелдинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кыздын сөөгү 19-май күнү кечинде Талгар районунун Белбулак айылына жакын жерден табылган.

«Туугандары кызды таанышты. Анын денесинде кыйнап өлтүрүү белгилери жок. Божомолдорго ылайык, кыз өз жанын өзү кыйган. Анын өлүмүнүн так себебин соттук-медициналык экспертиза аныктайт. Тергөө иши «Өз өмүрүнө кол салууга чейин жеткирүү» беренесинин негизинде башталды», — деп билдирди полиция департаменти.

Айгүл Амангелди 13-майда Талгар районунун Белбулак айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал күнү кыз университетте сынак тапшыруу үчүн Алматыга бармак. Полиция кызды издөө операциясы башталганын 15-майда билдирген.

Пикир

Оставить комментарий