• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алматыда көп кабаттуу үйдөгү өрттөн бир аял каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Алматынын Алатау районундагы 16 кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн бир аял каза болуп, 43 киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү акимчиликтин Коомдук саламаттык башкармалыгы Facebook баракчасына жазды.

Башкармалыктын маалыматына караганда, аял "алган жарааттарынан улам" каза болду.

1-август күнү кечинде Саламаттык сактоо министрлиги 37 киши ооруканага жеткирилгенин, алардын арасында 26 бала жана эки кош бойлуу келин бар экенин билдирген.

Учурда төрт бала реанимацияда жатса, дагы төртөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланууда. Бүгүнкү күндө медициналык жайларга жеткирилген 12 чоң кишинин бешөө ооруканага дарыланууга жаткырылса, калганы үйлөрүнө жөнөтүлгөн.

Алматынын Аккент кичи районунда жайгашкан 16 кабаттуу үйдө өрт 1-август күнү кечинде башталган. Жалын өрт өчүрүүчүлөр келгенден 1,5 саат өткөндөн кийин өчүрүлгөн. Куткаруучулар үйдүн 250-300 тургуну эвакуацияланганын, анын ичинде 40 киши автотепкичтин жардамы менен куткарылганын билдиришти.

Соцтүйүндөргө жарыяланган видеолордон тургундар ысыктан жана түтүндөн качып, балкондорго чыгып алганын, үйдүн алдында турган адамдар төшөк, килем жайып, секирген жашоочуларды кармап калууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Азырынча өрттүн келип чыгуу себептери айтыла элек.

Пикир

Оставить комментарий