• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Душанбе 562 млн доллар насыя алууну пландоодо

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.11.20. /Кабар/. Тажикстандын өкмөтү 2021-жылы эл аралык каржы уюмдарынан 562 миллион доллар насыя алууну пландоодо. Бул каражаттын негизги бөлүгү Рогун ГЭСин куруп бүткөрүүгө жумшалат. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Файзиддин Каххорзода тажик парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттарына билдирди.

Рогун ГЭСи үчүн өлкө швейцариялык Credit Suisse жана германиялык Landesbank Baden инстутуттарынан 340 млн евро суроону көздөөдө.

Тажик өкмөтү муну менен катар эл аралык каржы институттарынан 289 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам алууга да ниеттенүүдө.

Тажикстандын тышкы карызы 2020-жылдын 1-октябрына карата 3 миллиард 163 миллион долларды түздү. Жыл башынан бери тышкы карыз 275 млн долларга көбөйдү.

Бул убакыт аралыгында Тажикстан Эл аралык валюта фондунан 189,5 млн доллар алды.

Тажикстан да Кыргызстан сыяктуу эле эң ири насыяны – 1,2 млрд. долларды Кытайдын “Эксимбанкынан” алган. Тажикстанга Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы да колдоо көрсөткөн.

Пикир

Оставить комментарий