• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Токаев өлкө аймагынан доллар жана алтын алып чыгууга чектөө киргизди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөн 10 миң доллардан ашык акча алып чыгууга тыюу салды. Токаев тиешелүү жарлыкка 14-мартта кол койду.

Токаев муну менен бирге Улуттук банктын 5,10,20,50 жана 10 граммдык аффинаждалган алтын куймаларын, алтындан жасалган Altyn Barys жана күмүштөн жасалган Kumys Barys инвестициялык монеталарын, ошондой эле 100 граммдан ашык аффинаждалган алтынды өлкөдөн чыгарууга чектөө киргизди.

Казакстан президенти бул кадамга “Казакстандын улуттук мүдөөсүн коргоо жана калктын каржы туруктуулугун камсыздоо үчүн барганын” белгиледи.

Казакстандын Улуттук банкы чет өлкөлүк валютаны тышка алып чыгууга киргизилген чектөө Улуттук банктын резервин сактоону камсыздай турганын маалымдады.

Бул арада айрым коммерциялык банктарда доллар депозитине чектөө киргизилгени айтылууда. Нур-Султан жана Алматыдагы акча алмаштыртуу жайларында нак доллар тартыш.

Kaspi.kz компаниясынын башчысы жана тең негиздөөчүсү Михаил Ломтадзе доллардын тартыштыгы убактылуу көрүнүш экенин, Орусияга салынган санкцияларга байланыштуу нак валютаны адаттагы каттамдар аркылуу жеткирүү кыйынга туруп жатканын айтты.

12-мартта Кыргызстанда да өлкө аймагынан доллар алып чыгууга чектөө киргизген. Чектөө банктарга, алмаштыруу жайларына жана микрофинансылык уюмдарга тиешелүү.

Пикир

Оставить комментарий