• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алтай тектүү элдердин цивилизациясы боюнча китеп жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Профессор, филология илимдеринин доктору Гулжамал Жаманкулованын “Алтай тектүү элдердин цивилизациясы” деген аталыштагы илимий эмгеги чыкты. Бул эмгекте цивилизация жана анын критерийлери, көчмөндөр цивилизациясы, анын өзгөчөлүгү, хунн жана түрк цивилизациялары, локалдуу кыргыз цивилизациясы тууралуу сөз болот. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган цивилизациялар пайда болуу, гүлдөө жана төмөндөө этаптары боюнча каралат. Алтай тил биримдигин камтыган байыркы Алтай доору көчмөн цивилизациялардын башатында турат. Кыргыз цивилизациясынын негизги көрсөткүчтөрүнүн бири катары байыркы кыргыз жазуулары иштин экинчи бөлүгүндө берилет.

“Көчмөндөр оюнунун кыргыз жергесинде өткөрүлүп жатышы – кыргыздардын көчмөндөр тарыхынын ичиндеги орду, алар менен карым-катышы, канчалык деген ж.б. суроолордун жаралышына жем таштап койду” – деген ой айтылат китептин кириш сөзүндө.

Аталган эмгек түрк элдеринин жана кыргыз элинин тарыхы, кыргыз жазуулары боюнча адистерге, мугалимдерге, аспиранттарга, деги эле жогоруда аталган маселелерге кызыккан кыргыз жарандарына арналат.

Пикир

Оставить комментарий