• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Алга” клубу Futsal Masters-2018 турнирине катышат

Спорт 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. “Алга-Бишкек” футзалдык клубу эл аралык Futsal Masters-2018 турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы билдирди.

Оюндар Польшанын Ниса жана Ельч-Лясковице шаарларында 28-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Ага 8 футзалдык клуб катышат: 7 европалык клуб жана Азия континентинен жалгыз өкүл – “Алга Бишкек”.

“Алга” алгачкы оюнун 28-августта Украинанын “Ураган” клубуна каршы өткөрөт. “Алга” КРнын Суперлигасынын күмүш байгесинин ээси.

Командалардын тизмеси:

“А” тайпасы;

“Барселона Ласса” (Испания);
“Акана Орзел” (Польша);
“Сокол” (Украина);

“Копенгаген” (Дания);

“B” тайпасы;
КБ “Юнайтед” (Франция);
“Алга Бишкек” (Кыргызстан);
“Ураган” (Украина);
“Пиаст” (Польша);

Пикир

Оставить комментарий