• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алтынай Өмүрбекова Бишкектеги балдар үйүндө көчмө жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Адистешкен балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо борборунда (балдар үйү) көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет

Алтынай Өмүрбекова Балдар үйүнүн имаратын көрүп чыгып, балдарды тарбиялоо шарттары менен таанышып, балдарга жана жаңы туулгандан 4 жашка чейинки балалуу үй-бүлөлөргө медициналык-социалдык жана реабилитациялоочу-тарбиялык жардам көрсөткөн кызматкерлер менен маектешти.

Аталган Балдар үйү өлкөдөгү жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин тутумун реформалоо боюнча Иш-аракеттер планына киргизилген жана трансформациялоонун алкагында 2019-жылга карата иш-чаралардын баскычтуу планы даярдалган.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешмеде Балдар үйүн мындан аркы трансформациялоо маселеси жана комплекстүү мамиле жасоо зарылдыгы талкууланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиргендей, Балдар үйүндө кеңеш берүү-диагностикалык бөлүм, балдардын убактылуу жашоо бөлүмү, эрте кийлигишүү жана калыбына келтирүү бөлүмү, диагностика, кеңеш берүү жана мониторинг бөлүмү сыяктуу түзүмдүк бөлүмдөр болот.

Бул чаралар Балдар үйүнө узак мөөнөткө жайгаштырылган балдардын санын азайтууга жана бала үй-бүлөдө жашап, өнүгүүсү үчүн ата-энелерге альтернативалык кызматтарды жана колдоону сунуштоого арналган.

Алтынай Өмүрбекова ар бир баланын үй-бүлөнүн курчоосунда, мамлекет тарабынан камкордукта жана коргоодо болуу укугуна ээ кылуу – башкы милдетине жетүү максатын билдирди.

«Биз балдарды социалдык жактан коргоо чөйрөсүндө кырдаалды жакшыртуу үчүн алардын үй-бүлөсүнөн ажыроосунун алдын алуу максатында альтернативалык кызматтарды өнүктүрүүгө басым жасоого тийишпиз. Биздин милдет – баланын үй-бүлө курчоосунда болуу укугун камсыздоо», – деди вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, адистер үй-бүлөсүнө кайрадан кошулган балдарга мониторинг жүргүзүүсү зарыл: алар кандай шартта жашап жатышат, абалы начарлаган жокпу.

«Балдар үй-бүлөсүндө жашоого тийиш. Бирок балдар барган үй-бүлөсүндө мээримге бөлөнүп, алар үчүн бардык шарттар түзүлүшү керек», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, оор жашоо шартындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү комплекстүү колдоо зарыл, бул баланын үй-бүлөлүк курчоону болушун камсыз кылуу үчүн негиз болушу абзел.

Пикир

Оставить комментарий