• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алымкулов: Нарын облусу боюнча 264 тонна ундун запасы бар

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Нарын облусу боюнча 264 тонна ундун запасы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүктүн баасы боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат.

"Ундун облус боюнча 264 тонна, картошка 12,6 тонна, өсүмдүк майы 24 тонна, кумшекер 51 тонна, күрүч 28 тонна, эт 14 тонна жана макарондун 32 тонна запасы бар", - дейт ал.

Алымкулов белгилегендей, ундун бир килограммы 33,5 сомдон сатылып жатат.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий