• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алжирде президенттин бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы акциялар уланууда

Дүйнө 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Миңдеген алжирликтер президент Абдельазиз Бутефликанын бешинчи мөөнөткө шайланышына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүшүүдө. Жүздөгөн студенттер 18-апрелге белгиленген шайлоону жылдырууну талап кылышты.

AFP агенттиги кабарлагандай, жүрүшкө чыкпаган шаардыктар нааразылык акциясынын катышуучуларын колдоп, кол чаап турушканын жазды.

Reuters маалымдагандай Константина, Аннаба жана Блида шаарларында дагы студенттердин демонстарциялары уланууда.

Нааразылык акциялары 22-февралда башталган. Өлкөдө мындай ири акция 2011-жылдагы “араб жазынан” бери болгон эмес.

82 жаштагы Бутефлика бир нече жыл мурда инсультка кабылып, майыптардын арабасы менен жүрөт, жакшы сүйлөй албаганына байланыштуу эл алдына да өтө сейрек чыгат. Бутефликанын шайлоо штабынын башчысы эгер ал кайра шайланса, бир жыл ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүп, бийликти тынч жол менен тапшырууга убада берип жатканын билдирди.

Бутефлика Алжирди 1999-жылдан бери башкарып келет.

Пикир

Оставить комментарий