• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аптаптуу ысык күчөйт. 14-августка чейинки аба ырайы тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 06.08.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 7-8-август күндөрү Кыргызстанда абдан ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө 38…40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 36…38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.

8-9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

10-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

11-12-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 14-августта туруксуз аба-ырайы күтүлөт, өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы төмөндөшү күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий