• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ар бир аялзаты бакубат өмүр сүрсүн! Садыр Жапаров өлкө айымдарын куттуктады

Президент 0

Бишкек, 08.03.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Ак саамайлуу апалар жана ажарлуу эже-карындаштар!

Асылзат айымдар!

Сиздерди Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Бул күн – Аялзатынын ажары менен адебинин, абийири менен ар-намысынын, сырткы жамалы менен ички жан дүйнөсүнүн сулуулугунун символу. Эзелтен аялзатына өзгөчө мамиле жасап, мээримин төккөн, канатына калкалап, кастарлай билген элдин урпактары катары биз сиздердин өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздарды жана коомдогу ордуңуздарды ар дайым урматтап-сыйлайбыз.

Адамзаттын жашоо-турмушундагы бардык окуялар аялзаты менен тыгыз байланыштуу. Мына ошондуктан, тээ илгертен эле элибизде аялзаты үй-бүлөлүк очоктун сакчысы катары терең сый-урматка эгедер. Ага жараша кыргыз аялдары дагы ыйман менен адамдык касиетти бийик көкөлөтүп, абийири менен жамы журттун ар-намысын сактап келген.

Айымдардын саясатка, бизнеске, илимге жана башка тармактарга катышуусун ар тараптан колдоо жана өнүктүрүү зарыл.

Өлкөбүздүн тарыхында аялдардын саясий ажырымды жоюуга, ар кандай социалдык топтордун тынчсызданууларын аныктоого, саясат иштеп чыгууда консультациялык жана биргелешкен мамилени жайылтууга жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп келет. Аялдардын демилгелери, ой-пикир, сунуштары баарыбызды шыктандырып, өлкөбүздүн алдыга карай кадам шилтешине чоң салым кошот деп терең ишенем.

Мына ошондуктан, “2030-жылга чейин аялдар лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы жөнүндө” Жарлыкка кол койдум. Мындан тышкары, аялдар, балдар жана үй-бүлө маселелерин координациялоо Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт.

Өлкөбүздөгү ар бир аялзаты: даанышман эне, сүйүктүү жар, күйүмдүү карындаш, жароокер кыз бакубат өмүр сүрсүн!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Жаз майрамыңыздар, март майрамыңыздар кут болсун!”

Пикир

Оставить комментарий