• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ар бир иштин бүтчү күнү болот. Президент Матраимовго карата чыккан соттун чечими жөнүндө

Президент 0

Бишкек, 13.02.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда, «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигине маек берип, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовго карата чыккан соттун чечими жөнүндө айтып берди.

Президенттин айтуусуна караганда, Райым Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген.

"Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айып пул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлктөрү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт", - деп билдирди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө ошондуктан эл сабырдуу болуп турушу керектигин айтып, ар бир иштин бүтчү күнү болот, - деп баса белгиледи.

"Ар кайсы күчтөр же алардын артында акча каражат менен камсыздап, "Кыргызстанга бүлүк салгыла, жекшемби сайын митинг уюштургула" деп буйрук берип турган күчтөрдү да билебиз. Баары толук көзөмөлүбүздө. Ошолордун жетегине кирип кетпегиле. Баш аламандык болуп кетсе алар элдин тагдырына жооп бербейт", - деди президент Жапаров.

Эске сала кетсек, 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан КР Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салынды. Отурумда айыпталуучу тергөө менен бир бүтүмгө келип, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алган. Ал мурдагы 2 млрд сом материалдык зыянды кайтарып берген. Соттун чечими менен айыпталуучунун мүлкү жана банктык эсеби камактан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий