• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арашан айылында белгисиз адамдар жергиликтүү жарандар тарабынан уюштурулган блокпостту аткылап кетишкен

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Аламүдүн районунун айылдарынын бириндеги бейбаштык фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ 18-апрель күнү саат 20:47 чамасында Аламүдүн районунун ички иштер нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн районунун Арашан айылында жайгашкан постто белгисиз адамдар бир нече ок атып, белгисиз тарапка качып кетишкендиги боюнча маалымат түшкөн.

"Ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге дароо барышкан. 2020-жылдын 18-апрелинде саат 14:30 чамасында белгисиз 9-10 адам пост аркылуу бир нече квадроцикл менен өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. Жергиликтүү тургундардан турган ыктыярдуу топ айылдардын ортосундагы посттордон аларды өткөрбөй койгондугуна байланыштуу, жогорудагы адамдар чыр-чатакты жаратып, бир нече жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка качып кетишкен",- деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургун милицияга арыз менен кайрылып, ок чыгарган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Учурда окуянын жагдайлары такталууда.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий