• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араван районунда жазгы талаа иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 12.02.24. /Кабар/. Араван районунда жазгы талаа иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Элчибек Жантаев жазгы талаа иштери менен жеринде таанышып, картошка, капуста отургузуу иштерине катышып, ошондой эле дыйкандар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Ош облусунун башчысы дыйкандардын көңүлүн быйылкы сезондо органикалык жер семирткичтерди колдонуунун маанилүүлүгүнө буруп, ар тараптуу колдоо болоорун билдирди. Дыйкандарга ар кандай маселеде жергиликтүү бийлик менен дайыма байланышып турууга, ошондой эле ирригация жана айыл чарба процессинин башка аспектилери боюнча активдүү кызматташууга чакырды.

"Араван районунда жазгы талаа жумуштарынын башталышы - өлкөбүздө сезонго жасалган алгачкы кадам. Биз дыйкандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жигердүү иш алып баруудабыз жана мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле алардын түшүмүн сатууга жана экспорттоого, суугат суу менен өз убагында камсыздоого болгон аракеттер көрүлөт", - деди Жантаев.

Мындан тышкары, ал райондогу ирригациялык системалардын даярдыгы, арыктарды, каналдарды тазалоо иштери менен таанышып, буга чейинки берилген тапшырмалардын аткарылышын да текшерди.

Облус башчысы жумушчу сапарынын соңунда жергиликтүү эл менен биргеликте картошка эгип, тургундардын көйгөйлөрүн угуп, жергиликтүү бийликке тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий