• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда цемент заводу курулууда

Аймак 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Бүгүн КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов быйылкы жылдын эсебинен Кыргызстандагы эң чоң курулуш «ЮКСМ» Жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жаныдан курулуп жаткан цемент заводу менен таанышты. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Заводду куруу үчүн Араван районунун Алля Анаров айылдык аймагынын Шор-Булак участкасындагы өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлеринен 39,79 га жер аянты А.Анаров айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-декабрындагы №74 токтому менен 49 жыл мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилген.

Жаңы цемент заводунун долбоордук сметалык баасы 88,0 млн АКШ долларын, ал эми иштеп чыгаруу кубаттуулугу күнүнө 2500 тоннаны түзүп, жылына 1 млн тоннага чейин жетмекчи.

Аталган цемент заводун куруу иштери 2017-жылдын март айында башталды. Бүгүнкү күндө курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Курулуш мезгилинде миңге жакын адам жумуш менен камсыз болот. Ал эми бул завод ишке кирсе 250 туруктуу жумуш орду түзүлөт. Облус жетекчиси инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү жана аларды колдоо бийликтин негизги багыттарынын бири деп атады.

Пикир

Оставить комментарий