• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Армениянын премьер-министри коронавирус инфекциясын жуктуруп алды

Дүйнө 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Бул тууралуу ал “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Пашиняндын айтымында, вирус анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн да табылган. Өкмөт башчыда илдеттин ачык белгилери жок, дене табы көтөрүлгөн эмес. Бирок ал кесиптештерине ооруну жуктуруп албоо үчүн үйдөн иштейт.

Арменияда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 9 282 кишиге жетип, 131 бейтап кайтыш болду.

Өлкөдө 16-марта киргизилген өзгөчө абал режими 13-июнга чейин узартылган. 18-майда өлкөдө коомдук транспорт иштей баштаган. Бирок жүргүнчүлөр милдеттүү түрдө беткап тагынып, колкап кийиши керек. Ал арада соода борборлору, коомдук тамактануу жайлары да толугу менен ачылды.

Пикир

Оставить комментарий