• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Афганистандагы болуп жаткан окуялар тынчсыздандырууда — КР ТИМ башчысынын орун басары

Саясат 0

Бишкек, 08.07.21./Кабар/. Кечээ, 7-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Афганистан, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтери жана БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдик дипломатия боюнча регионалдык борбору менен биргеликте видеоконференцбайланыш режиминде уюштурган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрлеринин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма мсөз кызматы билдирет.

Жолугушууга ошондой эле Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери, Казакстандын Афганистан боюнча атайын өкүлү, БУУнун Башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдик дипломатия боюнча регионалдык борборунун (UNRCCA) башчысы жана БУУнун Афганистанга жардам көрсөтүү Миссиясындагы (UNAMA) БУУнун Башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлүнүн орун басары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалын, афган ички жарашуу процесстерин, ок атышууну токтотууну колдоо жана өлкөдө тынчтыкты орундатууга көмөк көрсөтүү үчүн аймактык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Катышуучулар Афганистандын катышуусу менен регионалдык экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу өлкөдөгү кырдаал жөнгө салынгандан кийин мүмкүн деген бир пикир келишти.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев өз сөзүндө 2020-жылы Дохада АКШ менен Талибандын ортосунда жетишилген келишимдер алгач кубандырып, көп жылкы маанисиз согуштун аяктай тургандыгына үмүт бергенин, бирок азыркы учурда Афганистандагы окуялар тынчсыздандырып жаткандыгын белгиледи. Ал Афганистан элинин өз өлкөсүндө тынчтыкка жетүү идеясынын айланасында биргелешүүгө умтулуусу жана жөндөмдүүлүгүндө жана эч нерсеге карабастан, ички афган диалогун жүргүзүүдө афган көйгөйүн чечүүнүн негизи болуп саналарын баса белгиледи.

БУУнун Афганистан көйгөйүн жөнгө салууда маанилүү ролун белгилөө менен, министрдин орун басары А.Артыкбаев Кыргызстан регионалдык соода, энергетика жана транспорт долбоорлорун ишке ашырууга, атап айтканда Түштүк Азия менен Европанын ортосунда Борбордук Азия аркылуу жүктөрдү ташуу мөөнөтүн жана баасын кыскартуу үчүн чек аралык темир жолдорду курууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары афган аралык жарашуу процессин колдоонун бардык маселелеринде UNRCCA, UNAMA, Азия жүрөгү Стамбул процесси, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, афган тынчтык процесси боюнча диалогду колдоого даяр экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий