• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын делегациясы КМШ ТИМКнын жыйынына катышуу үчүн Ташкентке келди

Саясат 0

Ташкент, 7-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев башында турган Кыргызстандын делегациясы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин кеңешинин (ТИМК) кезектеги жыйынына катышуу үчүн Өзбекстандын борборуна келди. Бул тууралуу кечээ Өзбекстандын тышкы саясий ведомствосунун басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, Ташкентке Беларусь Республикасынын ТИМ башчысы Владимир Макейем, Казакстан – Кайрат Абдрахманов, Россия Федерациясы – Сергей Лавров, Тажикстан - Сироджидин Аслов, Азербайжандын ТИМ башчысынын орун басары Халаф Халафов, Молдова – Лилиан Дарий, Түркмөнстан – Вела Хаджиева башында турган делегациялар жана Аткаруу комитетинин төрагасы – КМШнын аткаруу катчысы Сергей Лебедев келди.

Бүгүн өтө турган КМШ ТИМК жыйынында КМШга мүчө өлкөлөрдүн аймактык коопсуздук жана туруктуулукту бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, андан тышкары туруктуу өнүктүрүү менен камсыздоодо көп тараптуу өз ара аракеттерине байланыштуу 15 маселени талкуулоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий