• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арыста жарылуудан жаракат алган үч сапёрдун абалы оор

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. 21-сентябрда Арыска жакын курал-жарак сакталган аскер полигонундагы жарылуудан жарадар болгон үч сапёрдун абалы оор, бирөөнүн абалы орто, алтоонуку – туруктуу. Бул тууралуу Казакстан коргоо министри Нурлан Ермекбаев билдирди.

21-сентябрда Арыс шаарынан 60 чакырым аралыкта жайгашкан аскер полигонунда ок-дарыларды жок кылуу учурунда 10 сапёр жаракат алган.

Министр Арыста курал-жарак кампаларын ок-дарылардан арылтуу иштери жүрүп жатканын, жергиликтүү тургундар үчүн коркунуч жок экенин билдирди. Ермекбаев 24-июнда жарылуу болгон Арыс шаарынын айланасы дээрлик толугу менен снаряддардын фрагменттеринен тазаланганын кошумчалады.

13-сентябрда да Арыстагы курал-жарак сакталган кампаларды тазалоо учурунда жарылуу болуп, келишим менен иштеген төрт аскер кызматкери жарадар болгон.

24-июнда шаардагы кампада чыккан өрт жарылууга алып келген. 4 киши өлгөн, жүздөгөн адам медициналык жардам сурап кайрылган. Калаа тургундары бир нече күнгө эвакуацияланган. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча жарылуудан турак жайлардын 85% жабыркаган, 20дан көп үй өрттөнүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий