• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Арыста зыянга учураган үйлөр калыбына келтирилүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Казакстан Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон Арыс шаарындагы 5 776 үйдө “негизги калыбына келтирүү жумуштары” бүткөнүн билдирди

Министрликтин маалыматына караганда, калыбына келтирилген үйлөрдүн 2529унда жеңил-желпи ремонт иштери уланууда. Жумушчулар көп кабатуу төрт үйдү пайдаланууга берди, дагы 17 көп кабаттуу үйдө капиталдык ремонт аяктады. Шаарды калыбына келтирүү жумуштарына канча акча кеткени айтылган жок.

24-июнда Түркстан облусунун Арыс шаарындагы жарылуудан үйлөрдүн 85% зыянга учурап, 20дан ашуун турак-жай өрттөнүп кеткен. Өкмөт калааны бюджеттик каражат, демөөрчүлөрдүн жардамы жана элден чогулган акчага калыбына келтирүүгө убада кылган.

Ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан расмий маалымат боюнча үч киши мерт болгон. Анын экөө аскер адамы, бири карапайым тургун. Дагы бир наристенин абалы оор, учурда ал ооруканада.

Пикир

Оставить комментарий