• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кожошев КМШ Аткаруу комитетинин төргасынын биринчи орун басары Леонид Анфимов менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Аткаруу катчысы Леонид Анфимов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар өз-ара кызыкчылыкты туудурган кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча пикир алмашып, ошондой эле Бишкек шаарында 12-ноябрда өтүүчү КМШ Өкмөт башчылар кеңешин талкуулады.

«Кыргыз Республикасы бул кеңешмеге чоң маани берет жана кезектеги жыйынды салттуу түрдө жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө даяр. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тараптан алдыда боло турган иш-чаранын уюштуруу-протоколдук маселелерин чечүү боюнча активдүү иш жүргүзүлүүдө», - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Өз кезегинде Аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Леонид Анфимов Кыргыз Республикасынын интеграциялык бирикмени өнүктүрүүгө салымын жогору баалады жана КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин алдыдагы жыйыны жогорку уюшкандык деңгээлде өтөөрүнө ишеним билдирди.

Тараптар ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен Байкоочу миссиясынын катышуусун талкуулады.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясы тарабынан улуттук мыйзамдарга жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык демократиялык принциптердин негизинде ачык жана таза шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда.

Пикир

Оставить комментарий